Улуттук ишкердик палатасынын “Ишкердик байланыштар” программасы ата мекендик бизнесмендерге ишканаларды кыдырып, өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө, атап айтканда, технологияларды трансфертке, жабдууларды сатып алууга, товарларды жана кызматтарды өз ара алмашууга, франчайзингдерди сатып алууга жана биргелешкен ишканаларды түзүүгө мүмкүнчүлүктөрдү берет. Белгилей кетсек, программага орточо жылдык жүгүртүүсү 34 жарым миллион теңгеден кем эмес ишканалардын жетекчилери катыша алат. Өткөн жылы программанын аркасында 32 ишкер Германияда окуудан өтсө, 2023-жылдын бугу айында 19 ишкер барды. Үстүбүздөгү жылдын аягында дагы 20 ишкерди окууга жөнөтүү пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков