Үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында атамекендик экономика оң өсүштү көрсөттү. Министрликтин маалыматы боюнча, отчеттук мезгилде ички дүң өнүмдүн темпи өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,4%га тездеди. Үчтүн айында бул көрсөткүч 3,8%ды түзгөн. Улуттук Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, өндүрүштүн дээрлик 9% өсүшү таасир эткен. Ошол эле учурда адистер бул оң тенденцияны тоо-кен өнөр жайынын 4,1% жана товар жүгүртүүнүн 6% өсүшү менен байланыштырышат. Акыркысына келсек, дан, үрөн жана тоют 6%га өстү. Атамекендик автоунаалардын соодасы да 40%га жогорулады. Өндүрүш өнөр жайы унаа жасоо, химия жана тамак-аш өндүрүшүнүн көрсөткүчтөрүнөн ашып түштү. Данды ташуу 43%га, ал эми ун өнүмдөрүн жеткирүү 12%га өстү. Мындан тышкары, терең кайра иштетилген өнүм өндүргөн тармактарды колдоо системасынын натыйжасында казакстандык аралаш тоюттардын экспорту 5 эсеге, өсүмдүк майын ташуу 28%га чейин өскөнү байкалды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

