Казакстан экономикасынын калыбына келүү темпи 11 айда 3,8 пайызга артты

Казакстан экономикасынын калыбына келүү темпи 11 айда 3,8 пайызга артты

Казакстандын экономикасы пандемия шартына ийгиликтүү ыңгайлашып, ишенимдүү өсүү темпин көрсөтүүдө. Үстүбүздөгү жылдын он бир айынын жыйынтыгы боюнча ИДӨнүн өсүшү 3,8 пайызды түздү. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жыйынында премьер-министр билдирди. Аскар Маминдин айтымында, өлкөнүн реалдуу сектору туруктуу өсүүнү улантууда.

Аскар Мамин, РКнын Премьер-Министри:

- Реалдуу сектордо кайра иштетүү өнөр жайында өсүш 5,2 пайызды түздү. Анын ичинде унаа жасоо 18,5 пайызга, автомобиль кураштыруу 21,3 пайызга, локомотив жана вагондор 56,7 пайызга, курулуш материалдары 9,2 пайызга жана фармацевтика 27,9 пайызга өстү. Көмүр казып алуунун 0,7 пайызга жана темир рудасын өндүрүүнүн 3,9 пайызга өсүшүнүн эсебинен тоо-кен өндүрүшү да калыбына келди. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө да туруктуу өсүш байкалууда. Байланыш, соода жана транспорт кызматтарындагы жогорку темптердин эсебинен 3,9 пайызга тездеди. Курулуш тармагы да ишенимдүү өнүгүп келет. Өнөр жайында өсүш 6,2 пайыз деңгээлинде.

Мындан сырткары, Аскар Мамин он бир айда өлкөдө 13,4 миллион чарчы метр турак-жай пайдаланууга берилгенин, бул өткөн жылган салыштырмалуу 10,6га көп экенин билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков