Казакстан Словения менен товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө
ниеттенүүдө. Өткөн жылы ал 105 миллион доллардан ашкан. Ошол эле учурда экспорт
5 миллиондон ашты. Өлкө курулуш материалдарын, азык-түлүк, дан эгиндерин
жөнөтүүдө. Ал эми Словениядан дары-дармектер, арматуралар жана кыймылдаткычтар
келет. Инвестицияга келсек, Казакстанга 200 миллион доллар багытталган. Улуттук
экономиканын вице-премьер – министри Серик Жумангарин белгилегендей,
логистикада да чоң дарамет бар. Казакстан Чыгыш Европада транспорттук хабдарды
жана жаңы авиамаршруттарды ачат. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев
Словениянын башчысы менен жолугушууда айтты.
Серик Жумангарин, Премьер-министрдин орун басары, улуттук
экономика министри:
- Scat жакын арада Будапештке каттам ачат. Быйыл дагы
Белградга Шымкенттен түз каттам ачабыз. Мурда Киев, Минск аркылуу учсак, азыр
Варшава, Стамбул аркылуу уча алабыз. Транзит боюнча Транспорт министрлиги бир
топ иштерди жасап жатат. Азыр тараптар атайын уруксат документтери жок өтүү
үчүн өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Азыр бизди байланыштырып турган
Түркмөнстан-Иран-Түркия коридору бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

