Актөбеде 600 үйдүн курулушу башталды

Актөбеде 600 үйдүн курулушу башталды

Актөбе облусунда 600гө жакын үйдүн курулушу башталды. Бул жаңы баш калкалоочу жайлар суу каптоодон катуу жабыркаган жана кайра курууга мүмкүн болбогон үйлөрдүн жашоочулары үчүн салынып жатат. Ошондой эле, турак жайларды кайра калыбына келтирүү да мерчемделген. Облустук курулуш башкармалыгынын адистери берген маалыматка караганда, даяр үйлөрдү сатып алуу баасы 21 миллион 700 миң теңгеден ашпашы керек.

Думан Жалгасбаев, Курулуш компаниясынын мүдүрү:
– Учурда суу ташкынынан жабыркаган элди турак жай менен камсыз кылуу үчүн курулуш иштери башталды. Бул айылда 10го жакын подрядчы уюм ишке киришти. Биздин фирма бул жерге 8 үй курууну пландап жатат.

Ержан Муздыбаев, Курулуш башкармасынын башчысы:
– Ушул тапта 199 батир сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралууда. 600 батир оңдоого муктаж. Облустун Ойыл районунун Каратал айылында эски үйлөрдү сүрдүрүү иштери башталды. Мындан тышкары, Айтеке би районунда үйлөрдү сатып алуу механизмдери бышыкталууда. Бүгүнкү күндө 9 үй даяр.

Которгон: Илгиз Жамалбеков