ЕАЭБдин санариптик өнүгүүсү чет элдик ЖМКлардын көңүл борборунда

ЕАЭБдин санариптик өнүгүүсү чет элдик ЖМКлардын көңүл борборунда

Астана Евразия мейкиндигиндеги негизги борборлордун бири экенин дагы бир жолу тастыктады. Казакстандын борбору бир нече күндүн ичинде бир катар ири эл аралык иш-чараларды өткөрдү. V Евразия экономикалык форуму, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны, ошондой эле Орусиянын Президентинин мамлекеттик сапары дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүлүн бурду.


Британиялык Reuters агенттиги Казакстанда биринчи атомдук электр станциясын куруу боюнча келишимге көңүл бурду. Макаланын автору бул долбоорду Борбор Азиядагы эң ири биргелешкен инфраструктуралык объектилердин бири деп атады.


Ошол эле учурда,  Кыргызстандын ЖМКлары Евразия форумунун санариптик күн тартиби тууралуу жазышты.  Tazabek басылмасы ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунун жемиштүү өнүгүшүн жана өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюуну белгилейт.


Ал эми Kabar улуттук маалымат агенттиги ЕАЭБ өлкөлөрүндө санариптештирүү жана жасалма интеллект технологияларын киргизүү демилгелерине басым жасады.


Өз кезегинде, News Central Asia финансылык кызматташтык боюнча сунуштарды, анын ичинде Казакстандын Улуттук банкы менен Орусиянын Борбордук банкынын ортосундагы улуттук валюталардагы своп келишимин талдап чыкты. Бул кадам эки өлкөнүн финансылык жөнгө салуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.


Жалпысынан, чет элдик талдоочулар жана ЖМКлар Астанадагы жолугушууларды энергетиканы өнүктүрүү, экономикалык интеграция жана ЕАЭБдин санариптик трансформациясы менен карашат.

Которгон: Назира Бегалиева