Казакстандык инженерлер байланыш линиясын төшөө үчүн Каспий деңизинин түбүн изилдей баштады

Казакстандык инженерлер байланыш линиясын төшөө үчүн Каспий деңизинин түбүн изилдей баштады

Транскаспий суу астындагы оптикалык магистраль 2026-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт деп пландаштырылууда. Жергиликтүү инженерлер Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы биринчи суу астындагы байланыш линиясы өтө турган деңиз түбүн изилдей башташты. Баутино портунан атайын жабдуулары бар кеме жөнөп кетти. Серепчилер тереңдикти, жаракаларды, ошондой эле топурактын курамын жана тыгыздыгын изилдешет. Иштер Актаудан Сумгаитке чейинки суу астындагы кабелдин маршруту боюнча жүргүзүлөт. Изилдөөлөр Азербайжан тараптан да башталды. Эске салсак, эки өлкө суу астындагы кабель аркылуу эки жээкти бириктирүү боюнча эки жылдан ашык убакыт мурда макулдашкан. Эсептөөлөр боюнча, линия секундасына 400 терабитке чейин маалымат өткөрө алат.

Азамат Сериктаев, Санариптик өнүктүрүү, инновация жана аэрокосмос өнөржай министрлиги башкармалыгынын башчысы:

- Бул долбоор ишке ашкандан кийин, биз Европа менен Азиянын ортосундагы маалыматтарды берүүдө Казакстандын үлүшүн 5%га чейин көбөйтүүнү көздөп жатабыз. Эң негизгиси, интернеттин сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Жалпысынан алганда, бул долбоор өлкөнүн маалыматтык-телекоммуникациялык инфраструктурасын өнүктүрүүгө чоң салым кошот. 2026-жылдын аягында оптикалык-булалуу байланыш линиясы ишке киргизилип, ошондо биздин өлкө аркылуу маалыматтарды биринчи берүү башталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков