Казакстандык илимпоздор күрүч кабыгын нано өнүмгө айландырды

Казакстандык окумуштуулар күрүчтүн кабыгын уникалдуу материалга айландырышты. Өлкөдө андан кремний-көмүртек нанокомпозитин өндүрүү ишке кошулду. Мындай теңдеши жок ишкана жылына 1500 тонна уникалдуу өнүм чыгарууга жөндөмдүү. Күрүчтүн калдыктарынан алынган өнүм жаңыртылган чийки зат деп эсептелет. Ал желим техникалык буюмдар менен сүрүлгүч материалдыранын толтургучу жана кремний, ферро эритмелерин өндүрүүгө арналган чийки зат катары  кеңири колдонулат. Окумуштуулар бул нанокомпозитти айыл чарбасында, атүгүл литий-ион жылытмаларында колдонсо болот деп ырасташат. Долбоор өлкөнүн илим фондунун колдоосу менен минералдык чийки затты комплекстүү кайра иштетүү боюнча улуттук борбор тарабынан ишке ашырылып жатат.  Гранттын баасы 300 миллион теңге. Ошондой эле уникалдуу өндүрүштүн ээси 60 миллион теңге инвестиция салган.

Серик Мажикенов, Илим фонду департаментинин мүдүрү:


- Казакстанда күрүч чоң көлөмдө өндүрүлөт. Мунун кабык түрүндөгү калдыктары көп болот. Бул кабыктардын үлүшү күрүчтүн салмагынан 20% га жетет. Күрүчтүн кабыгында көмүртек жана кремний бар. Бул долбоор биринчи кезекте импортту алмаштырууга багытталган. Ошондой эле экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков