Франциянын борборунда Абайдын эстелиги ачылды. Улуу ойчулдун айкели Париждин эң кооз райондорунун бири - Гюго, Мольер, Бодлер, Пушкиндин айкелдери жайгашкан Жазуучулар жана акындар паркында тургузулду. Эстелик Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган. Париж мэриясы менен Нур-Султан шаарынын акимчилиги бул эстеликти эки өлкөнүн борборлорун жакындатуудагы алгачкы кадам деп эсептешет. Жакынкы аралыкта эки шаар кызматташуу боюнча келишимге кол коюуну көздөөдө.
Арно Нгатча, Париж шаары мэринин орун басары:
- Париждеги Акындар паркында Абайга таазим кылганыбызга абдан кубанычтамын. Бул сиздердин улуу акындарга болгон сый-урмат жана Париж менен Нур-Султандын ортосундагы маданий чөйрөдөгү кызматташуубуздун белгиси.
Алтай Көлгинов, Нур-Султан шаарынын акими:
- Бул биздин эки мамлекеттин маданиятынын мындан ары жакындашуусуна өбөлгө түзөт. Ошондой эле, Париждин мэри менен эки шаардын ортосундагы социалдык, экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдоо боюнча документке кол коёбуз.
Париж - казак окумуштуусунун ысымы түбөлүккө сакталып калган Франциядагы экинчи шаар. Мындан беш жыл мурун Ренн шаарында Абайдын айкели пайда болгон. Түштүк Кореяда, Германияда, Түркияда, Румынияда жана башка өлкөлөрдө да акындын эстеликтери бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков