Борбор Азиялык шенген визасы менен келерки жылы алгачкы туристтер саякаттай башташат. Бул тууралуу Казакстандын маданият жана спорт министри түрк тилдүү мамлекеттердин туризм министрлеринин жыйынында билдирди. Өзбекстанда өткөн иш-чарада сөз сүйлөгөн Актоты Раимкулова кошуналар менен биргеликте түзүп жаткан туризм программасы келерки жылы ишке берилерин айтты.
Түрк Кеңешине мүчө башка өлкөлөрдү дагы Алматыдан Хивага чейин бара турган Улуу Жибек Жолу туристтик каттамына киргизүү мерчемделүүдө. Жыйында министрлер түрк тилдүү мамлекеттердин келечектеги туристтик иш-чараларынын жалпы күн тартибин түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында Өзбекстандын Кокон шаары түрк тилдүү мамлекеттердин алгачкы туристтик борбору деп жарыяланды.
Актоты Райымкулова, РКнын Маданият жана спорт министри:
- Жибек Жолу Визасы биздин түрк тилдүү элдер жана Улуу Жибек Жолундагы өлкөлөр үчүн өтө маанилүү. Ошол эле учурда ар түрдүү мамлекеттерди камтыган виза болгондуктан, ар бир өлкөнүн сунуштары жана колдоолору керек болуп жатат. Бүгүнкү күндө бир топ жумуштар аткарылды. Биздин сунуштар ар бир өлкөдө, анын ичинде Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинде турат. Бүгүнкү күндө бул эки өлкөнүн ортосунда жана башка мамлекеттердин ортосунда дагы талкуулар жүрүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков