«Алматы» – «Түркестан»
– «Отрар» – «Самарканд» – «Бухара» – «Ташкент» – Алматы». «Jibek Joly»
туристтик поездинин кезектеги маршруту ушундай. Жаңы саякат сезону аяк оонанын
19унан башталат. 6 күндүн ичинде жүргүнчүлөр Улуу Жибек жолунун тарыхый жана
маданий мааниге ээ жерлерин көрө алышат. Турдун катышуучулары Кожо Ахмед
Ясауинин күмбөзүн, Түркестандагы Отырар шаар чалдыбарын, Бухарадагы Арк чебин
жана Ляби-Хауз аянтын, Самарканддагы Амир Темирдин күмбөзүн жана Регистан
аянтын, Ташкенттеги Төлө бийдин күмбөзүн жана Хазрати Имам мемориалдык
комплексин кыдырышат.
Нариман Дюсекеев, «Жүргүнчүлөрдү
ташуучулардын» расмий өкүлү:
- Турпоезддин азыркы курамы Казакстан
менен Өзбекстандын ортосунда каттаган бешинчи поезд болуп саналат. Өткөн
мезгилдерде бул турга 1000ден ашуун турист катышкан. Туристтик поезддин курамы
заманбап ыңгайлуу вагондордон турат, алардын ички жасалгасы улуттук стилде,
салттуу оймо-чиймелер менен кооздолгон. Поезддин маршруту Казакстан менен
Өзбекстандын маанилүү маданий жана тарыхый борборлору аркылуу өтөт. «Jibek
Joly» туристтик поездинин ишке кириши темир жол туризмин өнүктүрүүдөгү маанилүү
кадам болуп саналат. Ал Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы маданий байланыштарды
чыңдоого, ошондой эле мамлекет башчысынын туристтик потенциалды өнүктүрүү
боюнча тапшырмасын аткарууга өбөлгө түзөт.
Которгон: Назира Бегалиева

