Туристтерди өзүнө тарткан Казакстандын эң кооз беш жери

Туристтерди өзүнө тарткан Казакстандын эң кооз беш жери

Кооз жерлер эң объективдүү жана калыс маалыматтардын – 2022-жылга келген коноктордун статистикасынын негизинде аныкталган. Жыйынтыгында чет өлкөлүк да, ички да саякатчылар - Иле-Алатау улуттук паркына көп барганы белгилүү болгон. Анын жаратылышынын кооздугуна 628 миң турист күбө болгон. Бурабай алдыңкылардын тизмесинде экинчи болду. Ага 550 миңден ашык туристтер келген. Рейтингдин ортосунда Көлсай көлдөрү турат. Бул жерди 190 миңден ашык адам тандаган. Тизмеде төртүнчү орунда Баянауыл турат. Аталган улуттук парктын аймагы жылдан жылга популярдуу болуп, 2022-жылы ага 85 миң турист келген. Соңку бешинчи тизмени Чарын капчыгайы толуктайт. Бул жер саякатчылардын арасында ар дайым популярдуу болуп келет. Өткөн жылы ага 45 миңден ашык саякатчылар келген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков