Алар бактерияларды аныктоо жана анын коркунучтуу даражасын так өлчөө үчүн колдонулушу мүмкүн. Полимер энергияны сактоодо, полимердик күн батареяларында жана жарык берүүчү шамдарда да колдонулат. Алтургай виртуалдык реалдуулук, кеңейтилген чындык жана жасалма интеллект сыяктуу башка алдыңкы технологияларды өнүктүрүүгө салым кошот. Дагы бир өзгөчөлүгү казак окумуштуулары сунуштаган нано-өнүм экологияга эч кандай зыяны жок.
Нуршат Нуражы, окумуштуу:
- Наномедицина жагында дарыларды дарт болгон жерге өз убагында колдонууга болот. zero (d) машина дегенибиз sferical болуп саналат. Бул топ сыяктуу тоголок болот. Эми бул материалдардын ичине дары салсак, аны ошол жерге алып барат. Алып баргандан кийин биз ага чыңалуу берсек ал ачылып, дарыны кайсыл убакытта жиберүү керектигин көзөмөлдөп турат. Канчалык чоң, кандай кичинекей, ошол дарыларды көзөмөлдөп, жөнөтсө болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков