Сеулда казак корейлеринин сүрөттөрү таныштырылды. Мекенге арналган көргөзмөдө өлкөдөгү корей диаспорасынын 6 өкүлү жергиликтүү тургундарга өз сүрөттөрүн тартуулашты.
Сүрөтчү Виктория Цой үчүн мекен деген түшүнүк Алматынын көчөлөрүндө сүт жана лимон кошулган чай ичүү менен байланышкан.
Виктория Цой, сүрөтчү:
Мен Казакстандын жаранымын. Башкача айтканда менде казактын менталитети бар. Ал биздин каныбызга сиңип калган. Биз өзгөчөлөнөбүз. Бирок, Кореянын топурагын баскандан кийин өзүңдү башкача сезесиң.
Көргөзмөнү жубайлар - Сон Чжэ Хо жана Лим Джон Ок уюштурган. Түштүк Кореянын жарандары Алматыда 27 жылдан бери жашайт. Жергиликтүү эл менен тыгыз байланышта болгон жубайлар Астана менен Сеулдун ортосундагы мамилени чыңдоого катышат.
Сон Дже Хо, АРТ борбордун мүдүрү:
Казакстанда күчтүү артисттер көп. Бирок алардын өнөрү дүйнө жүзү боюнча кеңири жайыла элек. Алардын эмгектерин башка элдер да көрсүн деген ниетте бул көргөзмөнү уюштурдук.
Жапониянын жана Англиянын коомчулугу казак сүрөтчүлөрүнүн чыгармалары менен мурдатан эле таанышышкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков