Афина шаарында казакстандык кино тааныштырылды

Афина шаарында казакстандык кино тааныштырылды

Афинада казак кинофестивалы өттү. Үч күндүн ичинде көрүүчүлөргө ата мекендик тасмалар сунушталды. Алар өлкө кинематографиясынын бай маданий мурасы менен заманбап жетишкендиктерин көрсөтүштү. «Дос-Мукасан», «Менин атым Кожа», «Томирис» жана башка картиналар коомчулуктун кызыгуусун пайда кылды. Фестивалды Казакстандын Грециядагы дипломатиялык өкүлчүлүгү уюштурган. Республиканын элчиси Тимур Султангожиндин айтымында, мындай иш-чаралар Казакстан менен Греция элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү, достукту жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков