Казак-түрк тасмасы 77-Канн кинофестивалында тааныштырылды. Эки өлкөнүн кино өндүрүшүнүн чеберлери тарабынан тартылган окуялардын сериясы көрүүчүнүн, дегеле адамдын жан дүйнөсүнө терең кирип, адеп-ахлактык сапаттарга негизделген мамилелердин кызыгына бөлөйт. Буга улуту, жаш өзгөчөлүгү, социалдык абалы эч кандай тоскоолдук кылбай тургандыгы конкреттүү мисалдар менен жеткирилген. Башкы ролдорду атактуу түрк актрисасы Янна Рай жана бул чыгарманы өзү тарткан казак кинорежиссеру Төлөпберген Байсакалов ойногон. Биргелешкен иштин негизги көрүнүштөрү Стамбулга жакын Кара деңиздин жээгинде жана өлкөнүн айылдарынын биринде тартылган. Казакстанда картинаны күзүндө чыгаруу пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков