Азыр байыркы тарыхый жайдын ордуна ачык асман алдындагы музей курулуп жатат.
4 тарыхый мезгилди камтыган байыркы Бозок шаарчасында өлкө элинин 5 миң жылдык тарыхы баяндалат. Бул куттуу жерге жакында ачык асман алдындагы музей курулат. Кыштын кыраан чилдесинде да курулуш иштери токтобой уланууда.
412 гектар жерди ээлеген тарыхый эстеликтин аймагы толугу менен тосулган. Эки капталына бийиктиги 18 метр, узундугу 140 метр болгон дарбаза орнотулат. Курчап турган тосмонун жалпы узундугу 9 километрге жакын болот. Учурда куруучулар анын пайдубалын тургузуп жатышат.
Ерболат Рахманкулов, «Бозок» мамлекеттик тарыхый маданий музей коругунун башкы илимий инспектору:
- Негизги объектилердин бири – бул археологиялык комплекс. Ал «Бозок» шаарынын өзүнүн эстелиги. Музеологиялык иштин кийинки объектиси — аны реконструкциялоо. Анын түп нускасы 21 гектар аянтты ээлейт. Кошумчалай кетсек, төмөнкү объекттердин бири саякат борбору болуп саналат. Ал биздин өзүбүздүн Казак хандыгын даңазалаган объект болот.
Курчоонун көтөрүлүшү менен «Бозок» шаарын жандандыруу максатында саясий, социалдык, тиричилик имараттары, чарбалык объектилер жарым-жартылай калыбына келтирилет. Ал тургай түп нускасына мүмкүн болушунча курулуш материалдары колдонулат.
Алихан Абилдин, курулуштун башкы подраядчигинин өкүлү:
- Биздин техникалар кирген жерлерди кылдаттык менен көзөмөлдөйбүз. Көрүнбөй, жер астында калып кеткен казмалар болушу мүмкүн деген ыктымалдуулук менен.
Байыркы шаар Улуу түздүктө көчмөндөрдүн маданияты гана калыптанбаганын күбөлөндүрөт. Археологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө жергиликтүү элдин байыртадан бери эле чарбачылык менен алектенип келгендигин далилдеген жаңы буюмдар табылган. Улуу Жибек жолунун боюнда эзелтеден түптөлгөн соода борбору болгон деген маалыматтар да жок эмес.
Кажымурат Төлеген уулу, «Бозок» мамлекеттик тарыхый-маданий музей коругунун илимий кызматкери:
Кыпчак доору, андан кийин Алтын Ордо доору, андан кийин Казак хандыгы доору, андан кийин орто кылым. Бул «Бозок» эстелигинин астында көп катмарлуу маданият жатат.
Айнагүл Ганиева, «Бозок» мамлекеттик тарыхый-маданий музей коругунун илимий катчысы:
Ар бир үй ылайдан жасалган кыш менен курулган. Дубалдардын туурасы бир метрге чейин жетип, ар бир бөлмөдө күйгөн кирпичтен жасалган меш бар. Бул үйлөрдөн көптөгөн археологиялык калдыктар табылды.
Арка талаасындагы цивилизациянын борбору Бозоктун сырларын баяндаган ачык асман алдындагы музей 2025-жылы конокторго эшигин ачат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков