Казакстанда маданият жана искусство кызматкерлеринин төртүнчү «Руханий казына» фестивалы өттү. Быйылкы жылы иш-чаранын негизги бөлүгү онлайн форматта уюштурулду. Мыктылар музейлердин, китепканалардын жана башка маданий уюмдардын кызматкерлеринин арасынан тандалып алынды. Көкшетауда 70 лауреат сыйланды. Белгилей кетсек, быйыл шаар расмий түрдө өлкөнүн маданий борборуна айланды. Фестивалдын катышуучулары бул иш-чара алардын кесиптик өсүшүнө түрткү болгонун белгилешти. Анын алкагында мастер-класстар сабактары, семинарлар жана тренингдер уюштурулду.
Валентина Павлик, Темиртау шаары туңгуч Президенти тарыхый-маданий борборунун массалык иштерди уюштуруу боюнча инструктору:
- Биздин долбоор «Балдар үчүн мыкты онлайн долбоор» номинациясын жеңип алды. Казак уламыштарынын негизинде казак жана орус тилдеринде экшн-анимацияларды даярдап чыгарабыз. Бул биздин ишибизге колдоо бар экендигин көрсөтүп турат.
Маргулан Оспанов, Костанай облустук Ф. Алтынсарин атындагы музей мүдүрү:
- Ы.Алтынсариндин 180 жылдыгынын жана музейдин ачылышынын 30 жылдык мааракеси. Бул өзгөчө кубанычтын ортосунда мындай сыйлыкка ээ болгонубуз кубанычыбызды эки эсеге арттырып жатат. Өзгөчө сезимге бөлөнүп турабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков