Казакстанда Жошы хан тууралуу сериалдын соңку тартуу иштери жүрүүдө

Казакстанда Жошы хан тууралуу сериалдын соңку тартуу иштери жүрүүдө

Казакстанда «The Golden Empire» - Алтын ордо тууралуу теле сериалын тартуу иштери аяктоодо. Тарыхый сериалдын акыркы тартуу штери жүргүзүлүүдө. Бул этапта чыгарманын мазмунун тереңдеткен жана финалга өзгөчө маани берген маанилүү этаптарга басым жасалат. Тартуу аянтына мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин да келди. Ал чыгармачыл топ менен финалдык этаптын өзгөчөлүктөрүн, соңку көрүнүштөрдүн мазмунун жана постпродакшнге байланыштуу маселелерди талкуулады. Белгилей кетсек, тарыхый чыгарманын англисче версиясы алты сериядан турат. Эл аралык долбоор Karga Seven Pictures кинокомпаниясы «Дара» президенттик Демилгелер Фондунун колдоосу менен жүргүзүлүп жатат. Сюжет Жоши хандын жашоосуна негизделген Алтын Ордо тууралуу баяндалат. Долбоор сегиз уникалдуу жерде тартылган. Тактап айтканда, «Казакфильм» киностудиясы Суыктөбе, Ескелди би айылы, Бүтак жана Кимасар капчыгайлары, Ыйык Тамгалы таш жана өзгөчө маанайдагы көчмөндөр шаарчалары сыяктуу жерлерде өткөрүлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков