Казакстанда альцгеймер оорусун диагностикалоочу дары чыгарылат

Казакстанда альцгеймер оорусун диагностикалоочу дары чыгарылат

Казакстанда кийинки жылдан баштап альцгеймер оорусун аныктоо үчүн радиофармпрепарат чыгарыла баштайт. Өндүрүш Алматы шаарындагы Ядролук физика институтунун базасында жолго коюлат. Технологиялык платформа даяр, учурда келечектеги ата мекендик препаратты иштеп чыгуу жана каттоо этаптары жүрүп жатат. Бул тууралуу Президенттик оорукананын Ядролук медицина борборунун жетекчиси билдирди. Айгүл Садуакасова белгилегендей, борбор залалдуу ишикти аныктоо үчүн 10 радиофармпрепаратты колдонот, алардын 7си өзүнүн циклотрондук-өндүрүштүк комплексинин базасында чыгарылат. Өткөн жылдан бери линиядагы 11-препарат болуп самарий-оксабифор саналат. Бул радиофармпрепарат сөөк метастаздарын дарылоого арналган. Азырынча ал Өзбекстандан сатылып алынат, бирок келечекте Казакстанда да өндүрүлөт. Мындай терапия ооруну басаңдатат, метастаздардын өнүгүшүн токтотот жана онкологиялык оорулуулардын жашоо сапатын бир топ жакшыртууга мүмкүндүк берет. Айта кетсек, жаңы ыкма менен тогуз адам дарылануу курсунан өттү жана алардын саны өсүүдө. Жалпысынан, Ядролук медицина борборунун маалыматы боюнча, жыл сайын 10 миңден ашуун бейтап акысыз медициналык жардамдын кепилденген көлөмүнүн алкагында ПЭТ-КТ-диагностикасынан өтүшөт.

Айгүл Садуакасова, ядролук медицина борборунун жетекчиси:

- Самарийдин өзгөчөлүгү - сөөк метастазына киргенде, ал дени сак ткандарга зыян келтирбейт, бирок жергиликтүү таасир этип, бузулган сөөктө же, башкача айтканда, сөөк тканындагы метастаздык шишик бар жерде топтолуп, жок кылууга жөндөмдүү. Биз бул ыкманы өткөн жылдан бери киргизип, быйыл дагы улантып жатабыз. Азыркы учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте акысыз медициналык жардамдын кепилденген көлөмүнүн алкагында тариф түзүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков