Атамекендик илимий долбоорлор Казакстандын жол курулушуна киргизилүүдө

Атамекендик илимий долбоорлор Казакстандын жол курулушуна киргизилүүдө

Атамекендик илимий иштеп чыгуулар өлкөнүн жол курулушунун керегине жаратылууда. Окумуштуулар жолдун сапатын жогорулатуу боюнча бир катар жаңы долбоорлорду ишке ашырышты. Азыр бул багытта аба ырайына туруштук бере турган жана Казакстандын аймактарынын өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырылган материалдар иштелип чыгууда. Сапаттуу жол катмарынын курамын аныктоо үчүн шагыл, битум, топурак кошулмалары сыналган. Максаты-өлкөгө узак убакытка созула турган сапаттуу жол куруу. Былтыркы текшерүүлөр казакстандык өнүмдөрдүн натыйжалуулугун көрсөттү. Бул катарда көк музга каршы экологиялык реагент жана битумдун күчүн жогорулатуу үчүн модификатор, топуракты тыгыздай турган кошулма жана өтө туруктуу жол боегу бар. Кум-шагыл аралашмаларынын катализатору жана өзгөртүлгөн минералдык порошок сыяктуу жергиликтүү илимпоздордун өнүгүүлөрү да сыноодон мүдүрүлгөн жок. Алар сапаты боюнча импорттук альтернативалардан кем калышпайт.

Ерик Амирбаев, Казжол илимий-изилдөө институтунун вице-президенти:

- 2025-жылы биз бул өнүмдөрдү тажрыйбалык участкаларда сынап көрүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле, топуракты турукташтыруу жана битумду жакшыртуу боюнча изилдөөлөрдү улантабыз. 2025-жылы негизги көңүл жол системасын өнүктүрүүгө бурулат. Бул жылы негизги багыттардын бири көпүрө курулуштарын санариптештирүү жана санариптик 3D моделин түзүү сыяктуу инфраструктуралык объектилерди изилдөө үчүн жаңы технологияларды киргизүү болуп саналат. 2025-жылы биз жолдордун сапатын жакшыртууга жана адистердин квалификациясын жогорулатууга аракет кылабыз. Биздин максат-Казакстандын жол инфраструктурасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу.

Быйыл Казакстанда «Суперасфальт» технологиясын киргизүү пландалууда. Аны ишке ашыруунун жол картасы иштелип чыкты. Аталган долбоордун алкагында курулуп жаткан жолдордун тажрыйбалык участкаларындагы жер бети жана жергиликтүү аба ырайынын өзгөчөлүктөрү эске алынды.


Зауреш Өмирбеков, Казжол илимий-изилдөө институту жаңы технологиялар башкармасынын жетекчиси:

- Аталган технология сынала турган атайын тажрыйбалык участоктор белгиленди. Бул «Алматы-Хоргос», «Самара-Шымкент» жана «Актөбе-Улгайсын» багыттары. Аталган аймактарда «Суперасфальт» технологиясынын мүмкүнчүлүктөрү текшерилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков