Казакстандык фото сүрөтчү эл аралык сынактарды багындырууда

Казакстандык фото сүрөтчү эл аралык сынактарды багындырууда

Александр Власюк чет элдиктерди оригиналдуу эмгектери менен багынта алган казакстандык фотограф. Анын эмгектери эл аралык фото иш-чараларда чоң суроо-талапка ээ. Бул анын кайталангыс учурларды тартып калуудагы эң жакшы көргөн иши. Сүйгөн ишин турмуштук хоббиге айландырган казакстандык фотограф бир катар абройлуу сынактардын жеңүүчүсү. Жакында эле «Kazakhstan Diagamma 2022» сынагына катышкан 260ка жакын катышуучуну артка калтырып жеңүүчу аталган. Мындан тышкары Эл аралык фотосүрөт федерациясында жана Америка фотосүрөт коомунда анын «Балхаш», «Пляж мезгили» жана «Совенок Грей» аттуу эмгектери эки алтын медаль жана ардак лента менен сыйланган.

Александр Власюк, фото сүрөтчү:

- Мен 14 сүрөт жибердим. Менин 12 эмгегим тандалып, үчөө сыйлыкка татыктуу болду. Болгону өз жөндөмүмдү сынап, башка катышуучулар менен тажрыйба алмашуу керек болду. Анткени, ал жерде дүйнөнүн булуң-бурчунан келген чыгармалар коюлду. Өзүмдү таанытып, баалоо үчүн катыштым.

Александр айлана-чөйрөнүн өзгөчөлүгүн сүрөткө тартканды жакшы көрөт. Бул үчүн ал көбүнчө өлкөнү кыдырып, жаратылышка чыгат. Анын айтымында, сүрөттүн ийгилиги аба ырайына жана табигый жарыкка түздөн-түз байланыштуу. Бир  эле жердин өзү  табияттын сырдуулугунан улам ар башка кырынан таанылат - дейт ал.

Александр Власюк, фото сүрөтчү:

- Аба ырайы өзгөрүп турганда ийгиликтүү кадрды кармоо кыйын. Бул бир нече секунд гана болушу мүмкүн. Мисалы, күндүн чыгышы менен батышын тартуу оңой эмес. Мен үчүн мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо абдан маанилүү. Таасири да башкача болот.

Ал өз устаттарынын жолун жолдогон таланттуу жаш фотографтар көп экенин айтат. Сыйкырдуу фотосүрөт дүйнөсүнө жаңыдан кадам таштагандарга каталардан сабак алып, чеберчиликти арттыруудан чарчабоо керек - дейт.

 

 Которгон: Илгиз Жамалбеков