Казакстан кайра жанма энергия булактарынан өндүрүлгөн энергиянын көлөмүн 5 эсеге, экологиялык жактан таза энергия өндүрүүнү 2 эсеге көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Ал эми көмүрдөн алынган энергиянын үлүшү 70тен 40%га чейин кыскарат. Бул тууралуу Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин Глазгодогу Климаттын өзгөрүшү боюнча глобалдык саммитте билдирди. Премьер-министрдин айтымында, алдыдагы төрт жылда өлкөдө 2 миллиард бак-дарак отургузулуп, көмүртектин сиңирүү дарамети көбөйтүлөт. Муну менен бирге, Аскар Мамин Казакстан Борбор Азиядагы аймактык климаттык хаб болууга даяр экенин белгиледи. Иш-чаранын алкагында Казакстан Токой жана жерди пайдалануу декларациясына кошулду. Жолугушуунун жүрүшүндө Премьер-министр Дүйнөлүк соода уюмунун башкы мүдүрү жана Улуу Британиянын тышкы соода боюнча мамлекеттик министри менен жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында климаттын өзгөрүшүнө каршы туруу жана бул багыттагы стратегиялык өнөктөштүк боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков