Казакстан өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу үчүн бирдиктүү санариптик
радио тармагын түзүүдө. Ал биринчи жолу куткаруучулар, полиция жана Улуттук
гвардия сыяктуу чукул кызматтардын чачыранды каналдарын бириктирет. Масштабдуу
платформа өлкө боюнча ведомстволор арасында ишенимдүү байланышты камсыздап,
жумуштун ылдамдыгын, сапатын жана координациясын, ошондой эле жооп кайтаруунун
ыкчамдыгын жогорулатат. Системанын интернеттен жана мобилдик операторлордон көз
каранды эместиги маанилүү. Бүгүнкү күндө республиканын 13 аймагы тармакка
кошулду, планда дагы сегиз базалык станцияны орнотуу бар.
Руслан Сеитов, ӨКМдин маалыматтык камсыздоо, санариптештирүү жана байланыш
департаментинин башкы адиси:
- КМШ өлкөлөрүндө азырынча мындай система жок. Бул системанын артыкчылыгы келечекте табигый-техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү деңгээлин жогорулатат, ошондой эле радио жыштык ресурсун үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Мурда ар бир ведомство өзүнчө радиосистемаларды курчу. Жалпы курулуш кайталоо маселелерин жокко чыгарат жана бул каржылык каражаттарды үнөмдөөгө алып келет. Бул система өзгөчө кырдаал коркунучунда же пайда болгондо гана колдонулбастан, бул системаны башка ведомстволор күнүмдүк режимде да колдоно алышат.
Которгон: Назира Бегалиева

