Казакстандык спортчу Давид Дегтярев Токиодо өтүп жаткан Паралимпиадада алтын медалга ээ болду. Ал пауэрлифтинг боюнча 54кг салмакта мелдешип, 172кг көтөрдү. Бул - Давиддин спорттук карьерасындагы эң чоң жеңиши. Ал 2018-жылы Пара Азия оюндарында күмүш медалга ээ болгон. Бир жылдан кийин борбордо өткөн дүйнөлүк чемпионатта 5-орунду ээлеген. Ал эми быйыл Тбилисиде өткөн дүйнө чемпионатында алтын медалды багындырган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков