Астанада Бейбарыс Султан көчөсү ачылды

Астанада Бейбарыс Султан көчөсү ачылды

Дешти Кыпчак талаасынын улуу баласы атындагы проспект Шаардын Сарыарка районунда жайгашкан. Толугу менен көрктөндүрүлгөн көчөнүн узундугу 2 чакырымдан ашат. Аты дүйнө тарыхында алтын тамгалар менен жазылган Султан Бейбарыс Египетте мамлюктарды узак убакыт башкарган, монгол баскынчылыгына, крест жортуулдарына каршылык көрсөткөн атактуу колбашчы. Быйыл атактуу инсандын 800 жылдык мааракесине карата анын ысымы, таалим-тарбиялык өмүрү дүйнөгө даңазаланат. Тарыхый инсандын урматына улуттук жана эл аралык деңгээлде 600дөн ашык иш-чаралар уюштурулат. Мааракенин алкагында Бейбарыстын изи менен аттуу эл аралык илимий экспедиция жолго чыгат. Ата мекендик окумуштуулар дүйнөнүн музейлерин кыдырып, улуу инсан тууралуу баалуу экспонаттарды чогултушат.

Асхат Оралов, маданият жана спорт министри:

- Быйыл Египетке барып, Казакстандын маданият күндөрүн өткөрөлү деген планыбыз бар. Египеттин Каир шаарында атайын музей жана Бейбарыс Султан атындагы мечитиндеги оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин эки-үч айдан кийин делегация менен барып, театралдаштырылган оюн-зоок, гало-концерт тартуулап, эскерүү иш-чараларын өткөрөбүз. Түрк мамлекеттеринин ичинен Түркияда, Кыргызстанда, Өзбекстанда, албетте, өлкөбүздүн бардык аймактарында Бейбарыс султанга арналган конкреттүү иш-чаралар уюштурулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков