Казакстанда кадимки операциянын заманбап ыкмалары колдонулат

Казакстанда кадимки операциянын заманбап ыкмалары колдонулат

Дүйнөдө эң эффективдүү деп таанылган, күйүктү дарылоонун инновациялык ыкмасы Акмола облусунда колдонулду. Операциянын өзү хирургиялык кийлигишүүлөрсүз жасалат. Бейтаптан трансплантат алынат. Жабыр тарткан жерлери биологиялык материал менен дарыланат. Облус тургуну Турысбек Бермагамбетовке аллотрансплантация жасалды. Кызып турган мешке кулап түшкөндөн улам денесинин 50%дан ашыгы күйүп калган. Айта кетсек, облустук борбордун дарыгерлери буга чейин мындай эки операцияны жасашкан. Аймактын тургундары үчүн кымбат процедура толугу менен акысыз.

Турысбек Бермагамбетов, бейтап:

- Бейшембиде бир жума болот, бирок алар акырындык менен калыптанып келе жатканын көрүүгө болот. Азыр аздыр-көптүр жакшы. Азыртадан эле күйүп калган жерлер калыбына келүүдө. Жаңы клетканы калыбына келтирүүгө түрткү берет. Жакында сакайып, үйдө болом деп ойлойм.

Самат Сапарбаев, улуттук илимий медициналык борборунун бөлүм башчысы:

- Көбүнчө мындай учурларда адам майып болуп калат. Мындай жарааттар тырык менен айыгат, мындай бейтаптарга тырыктарды азайтуу үчүн андан ары реабилитациялоо керек, анткени тырык бейтаптын кыймылын чектеши мүмкүн. Бизде бейтаптардын жарааты толугу менен тырыксыз айыкса, майыптыгы жок толук кандуу жашоого кайтып келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков