Лондондо Евразиялык кинофестиваль өттү

Лондондо Евразиялык кинофестиваль өттү

Казакстандын эки тасмасы Лондондо өткөн үчүнчү Евразия эл аралык кинофестивалында жеңишке жетишти. Максүт менен Мансур Сарсембаевдер «Талкаланган келечек» («Взломанное будущее», «Hacked future») кыска метраждуу тасмасы үчүн «эң мыкты сценарий» наамында мыкты аталса, Дилшат Рахматуллиндин «Боз каз Аккуулар» (Серый гусь «Лебеди», A gray goose «Dispair») анимациялык тасмасы 60 катышуучудан турган топту жеңип, «Мыкты анимациялык фильм» наамын жеңип алды.

Марат Ахмеджанов, Евразиялык кинофестивалдын президенти:

- «Сценарий» категориясы боюнча казакстандыктар чындыгында бышып жетилгендигин көрсөтүп жатышат. Фестивалдын аркасында продюсерлер жана режиссерлор буга көңүл буруп, эл аралык кинематограф үчүн бирдиктүү көркөм дүйнөсүн түзүшөт деп ишенебиз. Мен үчүн сонун анимациялык чыгарма өзгөчө күтүүсүз болду.

Евразия кинофестивалы 2019-жылдан бери Лондондук Ромфорд кинофестивалы менен биргеликте уюштурулуп келет. Бул Улуу Британиянын Борбор Азия жана постсоветтик өлкөлөрдүн авторлорунун эмгектерин көпчүлүктүн назарына сунуш кылган жападан жалгыз иш-чара. Быйылкы жылдын башкы өзгөчөлүгү - катышуучу өлкөлөрдүн саны жана наамдардын көбөйгөндүгүндө. Көркөм, кыска метраждуу жана даректүү тасмалардан тышкары «Мыкты сценарий», «Анимациялык фильм», «Музыкалык видео» жана «Мыкты мобилдик фильм» номинациялары кошулду. Казакстандык режиссер Нургелди Садыгуловдун «Балуан Шолак» аттуу автобиографиялык драмасы да көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырды.

Майкл Дэниел Сагатис, калыстар тобунун мүчөсү:

- Саламатсызбы? Мен Казакстанды абдан жакшы көрөм. Мен Казакстанда жашап, саякаттап, иштеп жүрдүм. Бир нече Евразия мамлекеттеринин тасмалары катышып жатат. Бирок Казакстандан келген искусствого болгон сүймөнчүлүгүм өзгөчө болчу. «Мыкты көркөм фильм» номинациясында көрсөтүлгөн «Балуан Шолак» тасмасы ошол мезгилдеги казак жан дүйнөсүнүн уникалдуулугун чагылдырган мыкты тарыхый чыгарма болду деп айтар элем.

Карантиндик чектөөлөргө байланыштуу жеңүүчүлөрдүн көпчүлүгү сыйлык тапшыруу аземине катыша албай, сыйлыктарын ала алышкан жок, бирок аларды онлайн режиминде көрө алышты. Иш-чаранын алкагында балдардын сүрөт көргөзмөсү дагы уюштурулду. Арасында онкологиялык оору менен ооруган 5 казакстандык баланын эмгеги британиялык коомчулуктун назарына сунушталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков