Казакстан менен Кытай кылымдар бою калыптанган бекем достук жана коңшулук мамилелерди байланыштырып турат. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Кытай Эл республикасынын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо менен жолугушууда билдирди. Президенттин айтымында, эки өлкө ынак коңшулук мамилелердин чыныгы үлгүсүн көрсөтүп жатат. Тараптардын ортосунда активдүү саясий диалог түзүлдү, соода-экономикалык өнөктөштүк өркүндөдү, маданий байланыштар активдешти, коопсуздук жаатында тыгыз кызматташтык жөнгө салынды. Өлкөлөрдүн эл аралык аренадагы байланыштары уюмдардын алкагында, ошондой эле "Борбордук Азия-Кытай" форматында активдүү өнүгүүдө. Мамлекет башчысы Чжан Сяонун достук жана коңшулук мамилелерди чыңдоого кошкон салымын жогору баалап, II даражадагы "Достук" ордени менен сыйлады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

