Арал деңизинде биринчи жолу уникалдуу экодолбоор уюштурулду. Токойчулар жана ыктыярчылар биргеликте деңиз аянтына 10 миң түп сөксөөл көчөтүн отургузушту. Муну менен катар, колго алынган уникалдуу долбоорго бул жолу чет элдик ыктыярчылар да катышып, өзгөчөлөндү. Алардын арасында америкалык Каролина да бар. Кургаган деңизди өз көзү менен көрүп, дароо экодолбоордун катышуучуларынын катарына кошулган. Бүгүнкү күндө Каролина өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын биринде такшалмадан өтүп жатат.
Каролина Солэмен, ыктыярчы / АКШ:
– Деңиздин ушундай абалга жеткени абдан кейиштүү. Бир кездери биз турган жерде суунун тереңдиги 40 метр болгон деп айтып жатышат. Ал эми азыр адам ишенгис. Бүтүндөй деңиздин кургап калышы экологиялык апаат. Мен бул экодолбоорго салым кошконума сыймыктанам.
Белгилей кетсек, деңиздин кургаган түбүнүн жалпы аянты 4 миллион гектардан көп. Казакстандын аймагындагы Арал деңизинин кургап калган жери 2 миллион гектардан ашат. Жыл сайын 100 миллион тонна туздуу чаң абага көтөрүлөт. Аны токтотуу үчүн токойчулар 550 миң гектар жерге сөксөөл отургузушкан. Алгачкы жылдары отургузулган көчөттөр бүгүнкү күндө токой аянтына айланып, куураган аймакта жашоо пайда болду. Адистердин айтымында, бир түп сөксөөл 4 тонна кумдун жок болушуна тоскоол болот. Муну эске алган активисттер Аралдын тагдырын жакшыртууга тамчыдай болсо да салым кошууга аракеттенүүдө.
Жулдыз Жазылбекова, ыктыярчы:
– Башында бул оңой эле көрүнгөн. Бирок өтө оор иш экен. Жер казуунун өзү кыйындык жаратты. Бирок бул жакка келгениме өкүнбөйм. Мен Арал деңизинин кайра жаралуусуна салым кошкум келет жана бул аймактын экосистемасынын калыбына келишине ар бирибиз катышуубыз керек. Колубузда бар нерсени баалап, аны сакташыбыз зарыл.
Мамлекет башчысы экологиялык абалды жакшыртуу максатында 2025-жылга чейин Арал деңизинин кургап калган бөлүгүнүн 1,1 миллион гектарына сөксөөл отургузууну тапшырды. Ал эми 2030-жылга чейин деңиздин 78% жашылдандырылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков