Казакстан-Азербайжан инвестициялык фонду түзүлөт

Казакстан-Азербайжан инвестициялык фонду түзүлөт

Казакстан менен Азербайжан биргелешкен инвестициялык фонд түзөт. Белгилей кетсек, документке президент Касым-Жомарт Токаевдин Бакуга мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлду. Планга ылайык, фонд Транскаспий эл аралык транспорт багытын өнүктүрүүгө түрткү бере турган долбоорлорду кошо алганда, экономиканын түрдүү тармактарындагы иштерди каржылайт. Бул каржы структурасы «Астана» Эл аралык каржы борборунун аянтчасында катталат деп болжолдонууда. 

Нурлан Жакыпов, «Самрук-Казына» АК башкарма төрагасы:

- Бул биздин Азербайжан менен кызматташуубузду бекемдейт. Инвестициялык фонд толугу менен коммерциялык мүнөзгө ээ болгондуктан, бизге жакшы пайда алып келет. Бөлүнгөн каражат транспорт-логистика тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков