Казакстандык битмейкерлер АКШнын белгилүү ырчысынын саунд-продюсери аталды

Казакстандык битмейкерлер АКШнын белгилүү ырчысынын саунд-продюсери аталды

Казакстандык битмейкерлер жаңы бийиктиктерди багындырууда. Бүгүнкү күндө көптөгөн дүйнөлүк жылдыздар алар менен келишим түзүп жатышат. Мындай популярдуулукка Абай облусундагы мектептердин биринин жөнөкөй биология мугалими жетишти. Музыка дүйнөсүнө Eraholic лакап аты менен таанымал Ерканат Садуханов чет элдик рэп аткаруучусу Ники Минаж альбомунун саунд-продюсери аталды. «Pink Friday 2» альбомдун делюкс версиясы бештин айында чыкты. Буга чейин музыкант Dua Lipa, Blackpink тобунун Rosalia жана Lisa менен иштешкен. Белгилей кетсек, жаш педагог өзүнүн негизги ишмердүүлүгүн эл аралык долбоорлор менен ийгиликтүү айкалыштыра билди.


Ерканат Садуханов, композитор:


- Бардык битмейкерлер сыяктуу эле, биз да өз ишибизди социалдык тармактарга жарыялайбыз. Бир сайтта мен өз эмгегимди жарыяладым. Алгачкы жылдыздуу ырчы Dua Lipa болду. Ал ушул сайт аркылуу байланышып, менин эмгегимди сатып алды. Баары ушундайча башталды. Бразилиялык ырчы Anitta бар, Канадалык - филиппиндик дуэт Manila Grey – бул бардыгы чет элдик артисттер. Ошондой эле, Украинадан келген «убакыт жана терезе» тобунан Надя Дорофеева жана көптөгөн казакстандык артисттер бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков