Билим берүү, илим, маданият
тармактарында биргелешкен программаларды кеңейтүү, эки тараптуу изилдөөлөрдү,
алмашууларды жүргүзүү, креативдүү жана IT-долбоорлорду ишке ашыруу. Бул
тууралуу Астанада өткөн илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын биринчи казак-өзбек
форумунда серепчилер, окумуштуулар жана жазуучулар билдиришти. Ага Казакстан
парламентинин спикери Маулен Ашимбаев жана Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын
төрайымы Танзила Нарбаева катышты. Тараптар маданий-гуманитардык
кызматташтыктын, элдик дипломатияны өнүктүрүүнүн жана каада-салттарды сактоонун
актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.
Маулен Ашимбаев, Казакстандын
парламентинин Сенатынын спикери:
- Маданият, искусство, билим берүү
– бул эч кандай саясий шамалдар талкалай албаган көпүрөлөр. Алар жалпы тарыхка,
сый-урматка жана бири-бирине болгон чын ыкластуу кызыгууга негизделген. Ишенем,
бүгүнкү илимий жана чыгармачыл чөйрөлөрдүн жолугушуусу да идеялар, ойлор жана
пландар менен алмашуу аянтчасы болуп, анда биз бири-бирибизди угуп, жалпы
келечекке карай дагы бир кадам таштайбыз.
Танзила Нарбаева, Өзбекстандын
Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы:
- Бизде университеттердин, илимдер
академияларынын, музейлердин, чыгармачыл бирикмелердин өз ара аракеттенүү
тажрыйбасы бар. Менин оюмча, бул жерде потенциал абдан чоң: археологиялык
экспедициялардан баштап биргелешкен көргөзмөлөргө, мурастарды сактоо боюнча
санариптик долбоорлорго чейин.
Өзбекстан Сенатынын төрайымы
өлкөбүздүн Президентинин алдындагы Аялдар иштери жана үй-бүлөлүк-демографиялык
саясат боюнча улуттук комиссиянын мүчөлөрү менен жолугушту. Тараптар гендердик
теңчилик маселелерин, бүткүл Борбордук Азия аймагынын туруктуу өнүгүү жолунда
аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча долбоорлорду
талкуулашты. Мындан тышкары, жолугушууда биргелешкен демилгелер иштелип чыкты.
Которгон: Назира Бегалиева

