Бүгүн Астанада Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парад өттү. Бул казак армиясынын күч-кубатын көрсөткөн быйылкы жылдын эң маанилүү окуяларынын бири. Аскердик парад үч негизги бөлүктөн турду. Биринчи этапта жөө аскерлердин саптык жүрүшү болду. Анда өлкөнүн бардык булуң-бурчунан чогулган аскер бөлүктөрү сап түзөп, өлкөнүн коргонуу күчүн так көрсөттү. Экинчи бөлүктө көрүүчүлөр механикалаштырылган колонналарды көрүштү. Башкача айтканда, коомчулуктун назарына тарыхый жана заманбап аскердик техника тартууланды. Ал эми параддын үчүнчү бөлүгү аскердик авиацияга арналды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Биздин даңктуу балдар жана кыздар эрдиктин алдыңкы үлгүсүн көрсөтүштү. Казактын баатыр эл экендигин көрсөттү. 500дөн ашуун жоокерлерибиз Советтер Союзунун Баатыры болушту. Тылдын эмгекчилери согуш жылдарында жан аябастыгын жана туруктуулугун көрсөтүштү. Казакстандан фронтко бир жарым миң вагон кийим-кече жана азык-түлүк жөнөтүлдү. Биздин өлкөгө ишкана көчүрүлүп, көптөгөн жаңы өндүрүштөр курулду. Согуштагы он октун тогузу Казакстанда жасалды.
Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө максатында Казакстан боюнча миңдеген масштабдуу иш-чара өткөрүлүүдө. 500гө жакын көчөгө Казакстандын баатырларынын ысымы ыйгарылат. Өлкөдө казак ардагерлерине арналган «баатырлар таазим» парады өтөт. Адамзат тарыхындагы эң катаал согуш катышуучуларынын урпактары чоң аталарынын сүрөттөрүн көчөлөр менен алып жүрөт.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Азыркы туруксуз доордо Казакстан үчүн негизги максат-улуттун кызыкчылыгын коргоо. Биздин тышкы саясатыбыз ушул максатты камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт. Казак эли-тынч эл. «Намыс баарынан бийик» – деген кайраттуу эл.
Казакстандын армиясы-Көз карандысыздыктын тиреги. Ошентип, президент жоокерлер Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу миссиясына ийгиликтүү катышып, Казакстан армиясына дүйнө жүзү боюнча чоң ишеним артарын айтты. Парадга Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери, тылдын эмгекчилери, жоокердик иш-аракеттердин катышуучулары, Казакстандын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү, ардактуу кароолдун ротасы, Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскерлердин жана укук коргоо органдарынын ардагерлери келишти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

