Ал тургай чебердин колунан жасалган кара домбраны чет өлкөдөн атайын буйрутма менен алдыргандар көп. Самат Кадыралин ар бир аспапка өзгөчө маани берип, аны жасоого болгон аракетин жумшайт. Процесс талыкпаган эмгекти, чыдамкайлыкты жана чеберчиликти талап кылат. Домбранын коңур үнү ар бир бөлүктөн көз каранды. Айрыкча, материалга өзгөчө көңүл буруу керек.
Самат Кадыралин, домбра жасоочу уста:
- Мен чынар, бубинга, амарант, венге сыяктуу дарактарды сынап көрдүм. Азыр мен кызыл шамшаттын классикалык нускасына, Америка жаңгагына басым жасайм. Казакстанда мындай дарак жок, атайын буйрутма менен сатып алабыз. Бүгүнкү күндө сатып алууга байланыштуу көйгөлөр жок, башкача айтканда, интернет желеси, базар, соода өнүккөн. Дүйнөнүн каалаган жерине буйрутма берсеңиз болот. Бүгүнкү күндө кара жыгач, жаңгак, шамшат сатып алдым. Ал тургай домбраны да Жапониядан буйрутма берүү аркылуу алдырабыз.
30 жылдын ичинде уста домбранын он миңден ашык нускасын чыгарган. Учурда неберелерин да бул өнөргө үйрөтүүдө. Улуулары майдалоого, кичүүлөр оюм-чийим түшүрүүгө жардам берип жатышат.
Руслан Кадыралин, устанын небереси:
- Жардам бере баштаганыма көп болду. Азыр домбранын жаңы оймолорун жасап жатам. Бир жарым жыл мурун жасаган кичинекей домбра бар. Устачылыкты өркүндөтүү максатында түрдүү кол өнөрчүлүк менен алектенем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков