Нооруз майрамына карата Улуттук гвардияда аскерий-спорттук эстафета өттү

Нооруз майрамына карата Улуттук гвардияда аскерий-спорттук эстафета өттү

Бүгүн Казакстанда Ноорузнама декадасынын жетинчи күнү – Улуттук спорт күнү белгиленди. Казактын көкпар, тогыз кумалак, казак күрөшү сыяктуу улуттук оюндары дүйнөгө таанылып, аларга болгон кызыгуу күч алып келүүдө. Ноорузнаманын алкагында Улуттук гвардиянын аскер кафедрасында аскердик-спорттук эстафета уюштурулду. Мелдештин катышуучулары өздөрүнүн күчтүүлүгүн, эпчилдигин жана командалык духун көрсөтүп, жигердүүлүк көрсөттү. Алар классикалык аскердик машыгуулар менен катар улуттук спорттун түрлөрү боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жоокерлер автоматты станокторду бузуп-жыйнап командалык чуркоо, аркан тартыш, штанга көтөрүү сыяктуу мелдештерге катышышты.

Адилет Муратов, Рота командиринин орун басары:

- Бул иш-чараны Улуттук гвардиянын жоокерлеринин аскердик даярдыгын жогорулатуу жана жамааттык биримдикти чыңдоо максатында уюштурдук.

Берик Муслимов, Аскердик даярдык болүмүнүн ага адиси:

- Бул мелдешке 4 команда - Сункар, Кайсар, Арлан катышууда. Жоокерлер бул мелдешке кылдат даярданышып, жакшы оюн-өнөрүн көрсөтүп жатышат деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков