Казакстандын Президенти телерадиокомплексинин «Хроникадан
келечекке» республикалык кинолекторийинин алкагында документалдуу тасмалардын
көрсөтүүлөрү уланууда. Актауда көрүүчүлөргө «Travel Kazakhstan» тасмасы
сунушталды. Тасма өлкөнүн кооз жерлери, белгилүү туристтик маршруттары жана
өлкөнү кыдырып жүргөн адамдар тууралуу баяндайт. Тасманын авторлору туризмдин
кандай өнүгүп жатканын, Казакстан чет элдик конокторду эмнеси менен кызыктыра
аларын жана алдыңкы туристтик борборлордун бири боло аларын көрсөтүшөт. Ошондой
эле, тургундар «Кулалы аралынын адамы» тасмасын көрүштү. Бул Каспий деңизинин
аралында көп жыл жашаган гидрометеостанциянын башчысы Петр Лупенковдун окуясы.
Марат Абзал, Маңгыстау облустук маслихатынын депутаты:
- Тасманын
негизги идеясы, биз түшүнгөндөй, өз ишине берилгендик, жана адамдын жаратылышка
кылдат мамиле жасап, аны изилдеп, сактап калуусу болуп саналат. Менин оюмча,
бул тасмада Мамлекет башчысынын демилгеси менен ишке ашырылып жаткан «Таза Казакстан» экологиялык
акциясынын идеялары да чагылдырылган. Анткени «Таза Казакстан» – бул жөн гана
таштандыларды тазалоо эмес, биринчи кезекте коомдук аң-сезимге таасир этип,
экологиялык маданиятты калыптандыруу.
Атырауда көрүүчүлөргө «Арал» жана «Серт» документалдуу
тасмалары көрсөтүлдү. «Арал» — балыкчы Кунтуган Тургунбаев тууралуу тасма. Анда
анын жашоосу аркылуу суу жээгинде жашаган адамдардын тагдыры чагылдырылат. Ал
эми «Серт» тасмасы Казакстан 2024-жылдын жазгы катуу селдин кесепеттерин кантип
жеңгенин көрсөтөт.
Раиса Биткова, Атырау
шаарынын тургуну:
– Бүгүн
биз суу ташкынынын кесепеттерин жоюуга арналган тасманы көрдүк. Мына ушул сел адамдарды бириктирип, бирдик, достук жана
ынтымак ар кандай тоскоолдуктарды жеңе аларын айкын көрсөттү. Бул тасмаларды
бардык окуу жайларында көрсөтүү зарыл. Тынчтык, ынтымак жана камкордук болгон
жерде биз бардык кыйынчылыктарды жеңе алабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

