Казакстандык аскерлердин аш менюсуна улуттук тамактар кошулат

Казакстандык аскерлердин аш менюсуна улуттук тамактар кошулат

Бышырылган эт, көжө, нарын, кесме, боорсок... Жакында атамекендик аскерлердин менюсуна казактын улуттук тамактары кошулушу мүмкүн. Мындай демилгени өлкөнүн Улуттук гвардиясы көтөрүп чыкты. Адистердин айтымында, баалуулугу жогору улуттук тамактар жоокерлердин иммунитетин бекемдейт, зат алмашуу процессин жакшыртат жана жигердүү физикалык күч-кубаттын тезирээк калыбына келишине өбөлгө түзөт. Ошондой эле жаңы меню аскер кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоодо гана эмес, аларды патриоттук духта тарбиялоодо маанилүү ролду ойнойт. Адистер салттуу тамактар туулган жерин эске салып, маданий мурастар менен байланышты арттырат деп эсептешет.


Медет Шайкенов, Тыл башкармасынын азык-түлүк менен камсыз кылуу бөлүмүнүн ага-офицери:

- Аскердик тамактанууга улуттук тамак – аштарды киргизүү-бул жаңылык гана эмес, аскер кызматчыларынын духун чыңдоо менен аскер маданий өзгөчөлүгүн сактоодо маанилүү кадам болуп саналат. Жаңы менюдагы тамактар казак тамактануу академиясынын алдын ала макулдугунан өттү.

Эскерте кетсек, жаңыланган меню өткөн жылы Улуттук гвардиянын аскер кызматкерлеринин арасында сыналды. Ал кезде жоокерлер салттуу тамак-аштын даамы күч-кубатты арттырып, кызмат учурунда психологиялык маанайды жакшыртарын белгилешкен.


Которгон: Илгиз Жамалбеков