5 күндө 600 чакырым. Бул казакстандык аскер кызматкери
бир жумага жетпеген аралыкта басып өтүүнү пландаган аралык. Рауан Абылхан
ультрамарафонду өлкөдө тогуздун айынын 25де белгиленүүчү улуттук майрам –
Республика күнүнө арнап жатат. Маршрут Астана Көкшетау – Астана. Сержант күндүз
120 километр аралыкты басып өтүп, ар бир 40 чакырымда эс алууга токтойт.
Рауан Абылханов, Астана аймактык коргоо бригадасынын
командири:
- Даярдануу үчүн үч айга жакын
убакыт кетти. Тамактануу, албетте, машыгуу абдан маанилүү болуп саналат; ал
менин энергиямдын жана күчүмдүн 70% камсыз кылат. Калган 30% чуркоодон келет.
Мени тез жардамдын мобилдик тобу, ошондой эле кесиптештерим жана милиция
кызматкерлери коштоп барат. Алар мени коштоп жүрүшөт.
Белгилей кетсек, бул Рауан Абылхандын биринчи жетишкендиги эмес. Ал 2022-жылы Казакстандын рекорддор китебине кирген. Анда ал 350 чакырымды 48 саатта басып өткөн. Эми аскер кызматчысы жаңы бийиктиктерди багындырууну пландап жатат — 1000 чакырымды 10 күндө басып өтүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

