Өскемендеги 97 жаштагы согуш ардагеринин окуясы

Өскемендеги 97 жаштагы согуш ардагеринин окуясы

Көзү тирүү эң жаш согуш ардагерлеринин бири Чыгыш Казакстан облусунда жашайт. Өскемендик ардагер быйыл 97 жашка толду. Михаил Головатюк 16 жашында аскерге чакырылган. Ал балачагы катаал мезгилде өтүп, эрте бой жетүүгө туура келгенин айтат. 1943-жылы өзү менен бирге балдардын бир тобун Иркутск жана Байкал көлүн жээктеген темир жол курууга катышкан. Ал эми 1944-жылы көзгө түшкөн жаш жеткинчек жаш аткычтар мектебине окууга жиберилет. Казакстандык жоокер Улуу жеңишти Маньчжурияда тоскон. Кылым жашаган карыя дагы эле тың, кыймылы чыйрак. Ал сергек жашоо образын карманып, коомдук иш-чараларга активдүү катышат. Жаш муундардын боорукер, ишине берилген, сөзүнө бекем адам болуп өсүүсүн каалайт.


Михаил Головатюк, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери:


- Барыңыздардын ишиңиздерге ийгилик жана жакшылык каалайм. Аманчылык менен  бакубатчылык болсун. Ийгиликке жетүү үчүн чынчыл, адамгерчилиги мол, мекенди сүйгөн жаран болуп, талыкпай эмгектенүү  керек.


Которгон: Илгиз Жамалбеков