Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы соода жүгүртүү жыл башынан бери 550 миллион доллардан ашты. Бул болуп көрбөгөндөй рекорд. Өсүү 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 5 эсеге жогору. Буга казакстандык буудайдын жана ундун экспортунун көбөйүшү таасир эткен. Мындан тышкары быйыл Казакстанга Азербайжанга бир топ темир жол локомотивдери, кара металл, рельс жана минералдык жер семирткичтер жеткирилди. Ошондой эле, Баку-Тбилиси-Джейхан кууру аркылуу мунай ташуу жана Транскаспий коридору менен жүк ташуу да кызуу жүрүп жатат.
Эльданиз Амиров, экономист:
Эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоодо «Улы Жибек жолу» транспорттук коридору чоң мааниге ээ. Бул тууралуу эки өлкөнүн лидерлери жайында жолукканда сүйлөшүшкөн. Быйылкы жылы Транскаспий трассасы боюнча жүк ташуу 3 эсе өстү. Келерки жылы Кытайдан Казакстанга, андан ары Азербайжан, Грузия, Түркия жана Европага коридор аркылуу жүк ташуу көлөмүн көбөйтүүгө чоң көңүл бурулат.
Эки тарап экономикалык өнөктөш катары кызматташууну чыңдоого кызыкдар. Бул жагынан бизнес структураларынын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү, биргелешкен өнөр жай жана айыл чарба ишканаларын ачуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Аймакта азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо зарылдыгы келип чыкканда агроөнөр жай комплекси тармагына кызыгуу күчөгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков