Казакстандын батышында чек аралык соода борбору ачылат

Казакстандын батышында чек аралык соода борбору ачылат

Аны өлкөнүн батышында куруу пландалууда. Соода жана интеграция министрлигинин маалыматы боюнча, «Евразия борборун» ишке киргизүү 2025-жылдын үчүнчү кварталына мерчемделген. Алдын ала маалыматтар боюнча, анын иши Орусиянын чек ара аймактарына жана Чыгыш Европа базарларына багытталышы мүмкүн. Ошондой эле, борбор Батыш Казакстан облусунун гана эмес, Казакстандын башка аймактарынын ишканаларынын экспорттук дараметин камтыган трансчек аралык хабга айланат. Айта кетсек, жакынкы үч жылда чек ара соода борборун курууга 10 миллиард теңгеге жеке инвестиция тартуу көздөлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков