Казакстанда пилоттук айыл чарба каттоосу аяктады. Иш-чарага 44 миң респондент катышкан. Алардын ичинен 32 миңге жакыны-үй чарбалары, 12 миңден ашууну – чарба жүргүзүүчү субъекттер. Өлкөдөгү малдарды каттоо онлайн режиминде жана адистердин үй чарбаларына баруу жолу менен жүргүзүлдү. Мындагы негизги максат – 2025-жылы баш оона айынын 1 менен тогуздун айынын 20на чейин өтө турган негизги айыл чарба каттоосуна даярдык. Бул жолу маалыматтарды чогултуу ыкмалары, каттоо баракчалары жана алдыдагы ар тараптуу өнөктүк үчүн зарыл болгон программалар текшерилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков