Жаңы Конституция Казакстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат

Жаңы Конституция Казакстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат

Казакстандын жаңы Конституциясы каржы институттарынын натыйжалуулугун жогорулатууга, инвесторлор жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле институционалдык туруктуулук менен стабилдүүлүктүн негизинде узак мөөнөттүү долбоорлорго каражат тартууну жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет. Казакстандык экономист Сапарбай Жобаевдин айтымында, жаңы Баш мыйзамдын жоболорунун бири финансы чөйрөсүндө атайын укуктук режимдерди белгилөө мүмкүнчүлүгүн карайт, бул дүйнөлүк практикага ылайык келет.

Сапарбай Жобаев, экономист:

– Жаңы Баш мыйзамдын долбоорун Казакстандын экономикасы үчүн пайдалуу жактарынан карасак, ишканалар, квазимамлекеттик компаниялар жана банктар үчүн экономикалык эркиндик кеңейтилген. Атайын укуктук режимди киргизүү экономикалык өсүш үчүн өзгөчө шарттарды түзүүнү билдирет. Мындан тышкары, атайын укуктук режим салык салуу, инвестициялык ишмердүүлүк чөйрөсүндө белгилүү жеңилдиктерди берүүнү карайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков