Казакстан айыл чарба өнүмдөрүнүн экспортун арттырды

Казакстан айыл чарба өнүмдөрүнүн экспортун арттырды

Казакстан айыл чарба өнүмдөрүнүн экспортун көбөйттү. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, алты айда өсүш 5%ды ​​түздү. Каржылай алганда бул көрсөткүч 2 миллиард 700 миллион доллардан ашты. Өсүмдүк чарбачылыгы бир миллиард доллардан ашык суммага, мал чарбасы 80 миллион долларга жеткирилди. Биринчи жарым жылдыкта кайра иштетилген айыл чарба товарларынын экспорту 1,1 миллиард долларды түздү.  Тышкы базарга жеткириле турган айыл чарба өнүмдөрүнүн алдыңкы 5 өнүмүнө күн карама майы, зыгыр уругу, ун, арпа жана буудай кирет. Акыркысына келсек, өлкө Кытайдын Шаньдун провинциясына 1,3 миң тонна дандын биринчи партиясын жөнөттү. Казакстан аталган аймакка жеткирүүлөрдү көбөйтүүнү көздөп жатат. Белгилей кетсек, Шаньдун Казакстан менен соода көлөмү боюнча СУАР, Бээжин жана Ганьсу провинцияларынан кийинки төртүнчү провинция болуп саналат. Өткөн жылы товар жүгүртүү 2 миллиард долларды түзгөн. Республикада данды жыл сайын жеткирүү көлөмүн 1 миллион тоннага чейин арттырууга, ошондой эле Кытай Эл Республикасына тоңдурулган эт өнүмдөрүн сатуу мүмкүнчүлүктөрү бар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков