Жалпы
аянты 900 чарчы метрди түзгөн улуттук павильондо өнөр жайдын түрдүү
тармактарындагы 250 ата мекендик алдыңкы компаниялар жайгашты. Миңге жакын
адамдан турган Казакстандын делегациясы катышты. Жалпы эл аралык көргөзмөгө
Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кытайдын, Кыргызстандын, Тажикстандын
жана Өзбекстандын улуттук экспозициялары коюлду. Ал эми Бахрейн, Египет, Индия,
Иран, БАЭ, Сербия жана Түркия сыяктуу мамлекеттердин расмий жана бизнес
делегациялары катышты. Көргөзмө адаттагыдай эле металл иштетүү, автоунаа,
энергетика, автоматташтыруу жана робототехника, санариптик өндүрүшкө
багытталган. Өлкөнүн премьер-министри Орусиянын Екатеринбург шаарына жумушчу
сапарынын алкагында көргөзмөгө барып, иш-чаранын «Туруктуу өндүрүш. Жаңылануу
стратегиялары» аттуу негизги стратегиялык сессиясына катышты. Алихан Смаилов өз сөзүндө
«Иннопром эки өлкөнүн өнөр жай кооперациясын бекемдөө жана жаңы биргелешкен
демилгелерди ишке ашыруу үчүн салттуу иш-чарага айлангандыгын баса белгиледи. Бул жаатта ата
мекендик компаниялар кызматташуунун чөйрөсүн кеңейтип, жаңы демилгелерди
көтөрүүгө даяр экенин билдирди.
Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
Казакстан менен Орусиянын өндүрүш тармагындагы кызматташуусунун позитивдүү темптерин баса белгилегим келет. 2019-жылдан бери эки өлкө өнөр жай кооперациясы боюнча биргелешкен аракеттер программасын ишке ашырып келет. Соңку көргөзмөгө Казакстан өнөктөш өлкө катары катышкан. Бүгүнкү күндө биздин биргелешкен долбоорлордун көлөмү жалпы инвестициялык көлөмү 33 миллиард доллардан ашкан 125 долбоорго чейин кеңейди. Алардын ичинен жалпы баасы 3,2 миллиард долларды түзгөн 30 долбоорду ишке ашырдык. Ошол эле учурда жалпы баасы болжол менен 17 миллиард долларды түзгөн дагы 40 биргелешкен долбоор жүзөгө ашырылууда. Буга кошумча баасы 14 миллиард долларды түзгөн 55 долбоор иштелип чыгууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков