Астанада өнөржай өндүрүшүнүн көлөмү 7% өстү

Астанада өнөржай өндүрүшүнүн көлөмү  7% өстү

Астананын өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 7 %га өстү. Борбор калаага инвестиция тартуу көлөмү дагы артты. Жыл башынан бери өлкөнүн башкы шаарына 1 триллион 300 миллиард теңге каражат тартылды. Ал арада биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча регионалдык дүң өнүмдүн көлөмү 5 жарым триллион теңгеге жетип, анын түзүмүндө чакан жана орто бизнестин үлүшү 72%ды түздү. Бул тууралуу өкмөт башчыга Астанадагы жумушчу сапарында маалымдалды. Атап айтканда, Олжас Бектенов индустриалдык паркка барып, металлургия, жеңил жана курулуш өнөр жайы, унаа жана темир жол  ишканаларынын өнүгүшү менен таанышты. Ишканалардын бири телекоммуникациялык жабдууларды чыгаруу менен алектенет. Заводдо программалык камсыздоону иштеп чыгуудан баштап, даяр өнүмдү чогултууга жана таңгактоого чейинки толук өндүрүш цикли бар. Компаниянын өнүгүү пландары-Өзбекстан, Азербайжан, Кыргызстан, Орусия, араб өлкөлөрүнүн тышкы рынокторуна чыгуу. Олжас Бектенов мындай өндүрүштөрдүн импорттон көз карандылыкты азайтуу жана жогорку технологиялык өнүмдүн экспортун өстүрүү үчүн шарттарды түзүү үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков