Казакстанда деңиз аркылуу жүк ташуу жигердүү өнүгүп келүүдө

Казакстанда деңиз аркылуу жүк ташуу жигердүү өнүгүп келүүдө

Казакстан 2030-жылга чейин деңиз портторунун кубаттуулугун 30 миллион тоннага чейин көбөйтөт. Өлкө эл аралык жүк ташуулардын көлөмүн арттыруу максатында инфраструктураны өнүктүрүүдө. Ошентип, Актау, Курык, Баутино портторунда жана Саржа, Ерсай жана Түндүк терминалдарында бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, аталган объекттерде кошумча контейнер сактоочу жайлар курулуп, жүктөө техникалары жаңыланууда. Мындан тышкары, логистика модернизацияланып, бажы жана административдик тартип жөнөкөйлөштүрүлдү. Курык портунун акваториясында дагы тереңдикти жогорулатуу иштери жүрүп жатат. Бул чара Актау портунда да каралган. Ал эми Баутино портунда кемелердин кыймылын изилдөө системасы ишке киргизилди. Ал деңиз коопсуздугун камсыз кылат жана кемелердин кыйрашына жол бербейт. Бул иштер Транскаспий эл аралык транспорт коридорун өнүктүрүү боюнча комплекстүү чаралардын бир бөлүгү болуп саналат. Ал коридор боюнча жүк ташуунун көбөйүшүнө байланыштуу муктаждыктарды канааттандырууга көмөктөшөт. Белгилей кетсек, Орто коридор боюнча жүк ташуунун көлөмү 7 айда 62 пайызга өсүп, 2,5 миллион тоннаны түздү.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков