Казакстан мамлекеттик кызматтардын санариптик экосистемасын орнотуп жатат

Казакстан мамлекеттик кызматтардын санариптик экосистемасын орнотуп жатат

Казакстандын Каржы министрлиги мамлекеттик каражаттардын санариптик экосистемасы үчүн жаңы архитектура түздү. Анын алкагында мамлекеттик органдардын жана ишкерлердин санарип профили жасалып жатат. Бюджеттик пландаштыруунун маалыматтык системасындагы ар бир долбоорго өзүнүн ID номери ыйгарылат. Ал өз кезегинде долбоордун аткарылышын башынан аягына чейин көзөмөлдөп, бюджеттик каражаттардын туура пайдаланылышын көзөмөлдөйт.


Асет Турысов, каржы вице-министри:


- Биз «Бааларды талдоо рыногу» долбоорун ишке ашыруу алдында турабыз. Себеби, бүгүнкү күндө пландаштырууда жана сатып алууда белгилүү бир тобокелдиктер бар. Белгилей кетчү нерсе, кээ бир коммерциялык сунуштар кызмат көрсөтүү менен баа жана сапат жагынан кымбат. Ошондой эле натыйжасыз болушу мүмкүн. Ал эми интернетте өз товарларын ар кандай жолдор менен сатып, баасын көрсөткөн көптөгөн интернет-дүкөндөр же дистрибьюторлор бар. Ушунун негизинде биз долбоордун башталышынан тартып аягына чейин белгилүү бир өнүмдүн түрү боюнча көрсөтмөлөрдү жана кеңештерди беребиз. Бул үчүн терең талдоо жүргүзүлөт. Мындан тышкары, келечекте мамлекеттик пландаштыруунун негизи боло турган ID-долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бирдиктүү маалымат базасын түздүк.


Кошумчалай кетсек, бугу айынан тарта egov.kz жана e-Лицензиялоо порталдарында мамлекеттик кызматтар үчүн төлөө жеңилдей баштады. Бул колдонуучуларга керектүү жерлерди гана толтуруп, мүмкүндүк берүү менен текшерүү процессин кыйла натыйжалуу кылат. Белгилей кетсек, Каржы министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын 48 түрүнүн 44ү электрондук түрдө көрсөтүлөт. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 11,5 миллион мамлекеттик кызмат көрсөтүлдү. Мисалы, eGov мобилдик тиркемесинде салык жана бажы тармагындагы кызматтардын 22 түрүн, ошондой эле аудит кызматтарын алууга болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков