Энергетика, транспорт, санариптик валюта, айыл чарба жана пайдалуу кендер. Казакстан менен Кытай ушул жана башка багыттар боюнча 30дан ашык документке кол коюшту. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин эки өлкөнүн лидерлери жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн биргелешкен билдирүү жасашты. Мамлекет башчы өткөн жылы Казакстандын экономикасына келген кытай инвестициясынын көлөмү 16 пайызга өсүп, 1,8 миллиард долларга жеткенин белгиледи. Бул көрсөткүчтү жогорулатууга эки тарап тең кызыкдар.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Бүгүнкү күндө 14,5 миллиард долларлык 45 долбоор ишке ашырылууда. Жалпысынан кытайлык капиталдын үлүшү бар ишканалардын саны 4700дөн ашат. Биз өз ара пайдалуу инвестициялык долбоорлорду мындан ары ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледик. Тактап айтканда, энергетика, инфраструктура, айыл чарба, өндүрүш, каржы, транспорт, аэрокосмостук өнөр жай жана IT тармактарына басым жасадык. Казакстан өз рыногуна кирүүнү каалаган кытайлык компанияларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр.
Ошондой эле эки тарап илим жана билим берүү тармагында кызматташууну активдештирет. Казакстанда КЭРнын жогорку окуу жайларынын эки филиалы болот. Учурда Кытайда 4 миңден ашуун казак жаштары билим алууда. Дагы билим алууну каалагандардын саны аз эмес. Буга байланыштуу мамлекеттик гранттардын санын көбөйтүү жагы да иштелип чыкты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков